РФда чет элдик биржалар аркылуу криптовалюта менен соода кылууга тыюу салынышы мүмкүн
Россияда криптовалюталарды жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Аксаков Газета.ru басылмасына билдирген.
Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессияда каралып, крипто рынокту мыйзамдуу нукка салуу максатын көздөйт. Документке ылайык, россиялыктар үчүн чет элдик криптобиржалар жана алмашуу сервистери аркылуу соода жүргүзүүгө тыюу салынат.
Жаңы тартипте бардык операциялар лицензияланган жергиликтүү платформалар — биржалар, брокерлер жана алмашуу пункттары аркылуу гана жүргүзүлүшү керек. Бул чаралар жарандарды алдамчылыктан коргоо жана рынокту ачык-айкын кылуу үчүн сунушталууда.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда тажрыйбасы аз инвесторлор үчүн чектөөлөр каралган. Тактап айтканда, квалификациясы жок инвесторлор жылына 300 миң рублдан ашык криптовалюта сатып ала алышпайт. Бул чектөө алардын финансылык тобокелдиктерин азайтуу максатын көздөйт.
Мындан тышкары, банктарга чет элдик же лицензиясы жок криптобиржаларга төлөм жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Эгер талаптар аткарылбаса, жоопкерчилик, анын ичинде кылмыш жоопкерчилиги да каралышы ыктымал.