Кыргызстанда хантавирус коркунучу жок
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда хантавирус инфекциясынын сырттан келүү тобокелчилиги өтө төмөн, калк жана туристтер үчүн коркунуч жок.
Министрликтин маалыматына караганда, көпчүлүк адамдар үчүн жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн. Ал эми жөнөкөй алдын алуу чараларын көрүү жуктуруп алуу ыктымалдуулугун натыйжалуу азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча, өлкөдөгү жугуштуу оорулар жаатындагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталууда, күн сайын жүргүзүлүүчү режимде мониторинг улантылууда.