“Чаткал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу өттү

“Чаткал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү, анын жүрүшүндө “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты - Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026” эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүү, “Чаткал Резорт” улуттук долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин иши боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбордук Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатканын жана бул Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берерин белгиледи. 
Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын августунда Ысык-Көл облусунда өтө турган спорттук иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылууну тапшырды. Кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун инфраструктурасы жана башка уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин алкагында тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап туристтик инфраструктураны түзүүгө жана аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Чаткал Резорт” улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. 

Мындан тышкары, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин иши боюнча  актуалдуу маселелер каралды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media