Бишкекте курулуш таштандыларын терезеден ыргыткан компанияга чара көрүлдү

Бишкекте курулуш таштандыларын терезеден ыргыткан компанияга чара көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгына курулуш объектисиндеги көп кабаттуу үйдүн терезесинен курулуш таштандылары ыргытылып жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн.

Ведомстводон билдиришкендей, кайрылуунун негизинде Бишкек шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Манас көчөсү 6 жана 6а дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу клубдук турак жайдын курулуш объектисинде өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында курулуш иштеринде Кыргыз Республикасынын “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптарынын жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптары так сакталбаганы аныкталган.

Мындан улам “Интер Хаус Кейджиге” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

Ошондой эле департамент курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин, санитардык нормаларды жана шаар куруу талаптарын так сактоо милдеттүү экенин эскертти. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан мыйзам бузууларга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар мындан ары да көрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми