Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди
25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын эсебинен жүргүзүлдү.
Шаар мэри балдар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү жергиликүү бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.






