Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады.

Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.   

“Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча которуулардын таза агымы - 3млрд 1 млн АКШ долларын түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын 6 айында былтыркыга салыштырмалуу азыраак  болду. 6 айдагы таза агымдын көлөмү - 1 млрд 300млн АКШ долларын түзүп, былтыркы 6 айга карата 6% азыраак болду” – деп билдирди Айнура Мамбеткул кызы.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга келген каражаттардын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө, тагыраагы РФна (95%) туура келет. Июнь айында Кыргызстанга агып келген акча которуулардын жалпы саны 292,1 млн $ болсо, анын 266,7 млн $ Россияга туура келген. Бул эсептөөлөр жеке жактардын эл аралык акча которуу системалары аркылуу жиберген каражатты болуп саналат.  

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда акча которуу кызматтарын 20 эл аралык система көрсөтөт. Алардын арасында Астрасенд, Золотая Корона, MoneyGram, Юнистрим жана Western Union сыяктуу системалар калк арасында кеңири колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик