Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий иш сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруу жаатында талкуу жүргүзүштү. Соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, ошондой эле билим берүү, туризм жана маданият сферасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Франциянын сенатару, Кыргызстан боюнча"Франция-Борбордук Азия" Парламенттер аралык достук тобу делегациясынын жетекчиси Надя Соллогуб катышты. Жолугушуудан кийин депутаттар Франциянын Сенатынын иши, анын түзүмү, мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен таанышышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media