"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды
Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес.
Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык пластиналар, вулканизация үчүн жабдуулар жана материалдар. Алдын ала баасы - 1,3 млн сом.
Факты боюнча текшерүү жүрүп, салык мыйзамдарына ылайык чара көрүлүүдө.
Алдын ала эсеп боюнча төлөнбөй калган салык - 160 миң сом. Мындан тышкары документсиз ташуу үчүн 300 миң сом айып пул каралган.