Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом.

Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр. Биринчи кабатта - кароо, хирург, терапевт, ЛОР, офтальмолог кабинеттери, УЗИ, ЭКГ жана процедуралык бөлмө.

Экинчи жана үчүнчү кабатта терапия бөлүмүнүн палаталары, интенсивдүү терапия залы, буфет, ординатордук жана дарыгерлердин кабинеттери жайгашкан. Бөлүм толугу менен жабдылган.

Ачылышта саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова мындай долбоорлор борбордо гана эмес, аймактарда да ишке ашып жатканын белгилеп, "Ас-Сафа" фондунун салымын жогору баалады.

"Ас-Сафа" фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя жаңы корпус медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга салым кошот деп ишенерин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Ош шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишкерлер менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чарага 100дөн ашык жергиликтүү тургундар, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге Холдингдин ишмердүүлүгү, мамлекеттик финансылык колдоо механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары тууралуу маалымат берилди. Холдингдин маалыматына

Ишкер Media