РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет.

Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна шилтеме жасап, РИА Новости билдирди.

Банктын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманованын айтымында, санарип рубль аркылуу ири суммадагы акчаны чектөөсүз жана комиссиясыз которууга болот. Ал эми ири холдингдер өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ишканаларынын ортосунда акча которууну жеңилдетип, чыгымдарын азайта алышат.

Кахруманованын маалыматы боюнча,Россияда санарип рубль менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн инфраструктура 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке киргизилген. Алгачкы этапта санарип капчыкты толуктоонун чеги 300 миң рубль деп белгиленген. Бирок платформадагы акча каражаттарын пайдаланууга чектөө жок, ал эми калк үчүн бардык операциялар акысыз жүргүзүлөт.

Санарип рубль — Россиянын улуттук валютасынын накталай жана накталай эмес акча менен катар колдонулган дагы бир формасы. Өлкөнүн жарандары Борбордук банктын платформасында санарип капчык ачып, ага банктык тиркеме аркылуу кире алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media
Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media