Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды
Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты.
Комплекстин жалпы наркы 110 млн сом, анын 75 млн сому Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды.
Аянты 1500 чарчы метрге жакын комплексте 20дан ашык жумуш орду түзүлүп, айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.