2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда
2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрдин айтымында, 2027–2029-жылдары ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү жылына 8,7% деңгээлинде күтүлүүдө. ИДПнын номиналдык көлөмү 2027-жылдагы 2,7 трлн сомдон 2029-жылы 3,7 трлн сомго чейин өсүшү болжолдонууда.
“Консолидацияланган бюджеттин ресурстары 2027-жылы 1 трлн 54 млрд сомдон 2029-жылы 1 трлн 181 млрд сомго чейин жогорулашы болжолдонууда. Ал эми салыктык кирешелер 634 млрд сомдон 779,9 млрд сомго чейин көбөйүшү мүмкүн”, – деди ал.
Талкууда депутаттар айыл чарбасын өнүктүрүү, инфраструктура, сугат жана таза суу, социалдык объектилердин курулушу жана инфляция маселелерин көтөрүштү.
Талкууну жыйынтыктап жатып комитет төрагасы Кубанычбек Самаков 2026-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин алкагында Нарын шаарына, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондоруна канча каражат каралганын тактап, башталган айрым курулуштарды бүткөрүү талабын койду. Муну менен катар балык чарбачылыгын колдоо жаатындагы жагдайга токтолду.
Алсак, министр белгилегендей, быйыл Нарын шаарына 436 млн 100 миң сом, Ат-Башы районуна 324 млн 739 миң сом, Ак-Талаа районуна 652 млн 849 миң сом, Нарын районуна 720 млн 925 миң сом каралып, алардын 90%дан ашууну бөлүнүп берилген.
Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.