Жарандар жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катыша алат

Жарандар жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катыша алат

Кыргызстандын аймактарында жарандардын жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катышуусун кеңейтүү жана алардын демилгелерин колдоо маселелери Финансы министрлигинде талкууланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, 4-ноябрда “Онлайн жана офлайн форматтарда жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы тажрыйбалары: демилгелүү бюджеттөө” аттуу окутуу семинарынын экинчи бөлүгү өттү. Иш-чарага Финансы министрлигинин аймактар аралык жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле Россиянын Финансылык изилдөөлөр илимий-изилдөө институтунун эксперттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө жарандарды бюджеттик процесске тартуу, жаштардын жана мектеп окуучуларынын демилгелерин колдоо, жергиликтүү долбоорлорду каржылоо жана алардын натыйжалуулугун баалоо маселелери каралды.

Катышуучулар Кыргызстандагы бир катар тажрыйбаларды талкуулашты. Алардын катарында Талас шаарындагы Жарандардын демилгелерин колдоо фондунун ишмердүүлүгү, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында жаштардын жана мектеп окуучуларынын демилгелерин колдоо, ошондой эле Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарандык долбоорлорду каржылоо тажрыйбасы бар.
Финансы министри Руслан Суйналиев жарандардын бюджеттик процесске катышуусун кеңейтүү жана эл аралык тажрыйбаны Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруу маанилүү экенин белгиледи.

Демилгелүү бюджеттөө — жарандар өздөрү үчүн маанилүү болгон жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду сунуштап, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө катыша алган механизм.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

DemirBank "Пайыздык чениңди өзүң танда" акциясын 16-ноябрга чейин узартат

Айдоочу балалуу аялды мылтык менен коркуткан

Таластагы социалдык стационардык мекемелердин абалы кароого алынды

Бишкекте сатылган көмүрдүн баалары айтылды

1-декабрдан тарта аскер ардагерлеринин пенсиялары көбөйтүлөт