1-декабрдан тарта аскер ардагерлеринин пенсиялары көбөйтүлөт
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тартып Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин пенсиялары 5 500 сомдон 13 000 сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйүү өлчөмү ар бир пенсионер үчүн жекече аныкталат.
Мындан тышкары Коргоо министрлиги тарабынан аскердик пенсионерлерге муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугун берүү демилгеси көтөрүлгөн.
Аскердик пенсионерлердин кайрылууларын кароонун жыйынтыгында көтөрүлгөн бул демилге жергиликтүү деңгээлде колдоо тапты.
Бишкек шаарында аскердик пенсионерлерге акысыз жүрүү укугун берүү маселеси Бишкек шаардык кеңеши тарабынан каралууда. Бул жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизилиши мүмкүн.
Аны аскердик пенсионерлер жана укук коргоо органдарынын пенсионерлери жергиликтүү кеңештердин тиешелүү чечимдеринде белгиленген шарттарды эске алуу менен колдонушу мүмкүн.