DemirBank "Пайыздык чениңди өзүң танда" акциясын 16-ноябрга чейин узартат

DemirBank "Пайыздык чениңди өзүң танда" акциясын 16-ноябрга чейин узартат

Акция 2026-жылдын август айында башталып, Кыргызстан үчүн насыя берүүнүн жаңы форматына айланды, анын алкагында кардар онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандай алат. Белгиленген пайыздык чендин ордуна кардар 0%дан 19,99%га чейинки каалаган пайыздык ченди көрсөтөт, ал эми Банк анын сунушун күн сайын жүргүзүлүүчү тандоонун алкагында карайт.

Арыздарды тандоо кандай жүргүзүлөт?

DemirBank күн сайын саат 18:00дө келип түшкөн сунуштарды эң жогорку пайыздык ченден баштап карайт. Акциянын алкагында насыя берүүгө күнүнө 2 млн сом бөлүнөт.

Пайыздык чендер бирдей болгон учурда артыкчылык биринчи болуп ырасталган арызга берилет. Саат 18:00гө чейин кардар өз сунушун чектөөсүз санда өзгөртө алат, ал эми тандоо учурунда акыркы тандалган пайыздык чен эске алынат.

Жыйынтык push-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде пайыздык чен жактырылса, кардар 24 сааттын ичинде насыяны тариздөөгө тийиш. Эгерде пайыздык чен жактырылбаса, Банк стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн альтернативдүү пайыздык ченди сунушташы мүмкүн.

Кантип катышууга болот?

  1. DemirBank тиркемесин ачып, онлайн-насыя алууга арыз бериңиз.
  2. Насыянын суммасын жана мөөнөтүн көрсөтүңүз
  3. Каалаган пайыздык ченди тандаңыз — тиркеме анын жактырылуу ыктымалдыгын болжолдуу түрдө көрсөтөт.
  4. Катышууну ырастап, жыйынтыгын күтүңүз.

Акция 16-ноябрга чейин күчүндө болот. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн DemirBank мобилдик тиркемесинде арыз берүү жетиштүү, филиалга баруунун кажети жок.

Толук шарттар — Банктын расмий сайтында www.demirbank.kg.

Акцияга катышуу - насыянын же тандалган пайыздык чендин жактырылышына кепилдик бербейт. Чечим Банк тарабынан насыя берүүнүн колдонуудагы талаптарына жана жол-жоболоруна ылайык кабыл алынат. Насыянын толук наркынын эффективдүү пайыздык чени (МЭПС) — 22,3%га чейин.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ленин акимчилигинда 863 жарандын арызы каралды

Кыргызстандагы 31 тигүү ишканасы экспорттук акселератордон өттү

Айыл чарба министри өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форумга катышты

Айдоочу балалуу аялды мылтык менен коркуткан

Таластагы социалдык стационардык мекемелердин абалы кароого алынды