Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Энергетика министрлиги "Чакан ГЭС" ААКтын карамагындагы ГЭС-5тин аймагында кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн фотоэлектр станциясын курууну пландоодо. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Маалыматка караганда, учурда долбоорду даярдоо иштерин жүргүзө турган консультантты тандоо жараяны жүрүп жатат. Азия өнүктүрүү банкынын CSRN порталындагы тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн 22 компания арыз берген. Алдын ала тандоонун жыйынтыгында алты катышуучуга сунуштарын берүү үчүн чакыруу жөнөтүлгөн.

ГЭС-5те калкып туруучу күн электр станциясын пайдалануу боюнча тажрыйба бар. Кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук станция 2024-жылдын 1-мартында ишке берилген.

Аталган станция 2024-жылы 133,9 миң кВт·саат, 2025-жылы 141,1 миң кВт·саат, ал эми 2026-жылдын алгачкы 10 айында 132,5 миң кВт·саат электр энергиясын өндүргөн.
Министрликтин маалыматына ылайык, күн панелдерин суунун үстүнө жайгаштыруу жер ресурстарын үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана ГЭСтердин учурдагы инфраструктурасын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Долбоор күн энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады