Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Бүгүн эмгек министри Алмаз Имангазиев "Келечек" реабилитациялык борборуна барып, балдардын жашоо шарттары, реабилитациялык кызматтардын уюштурулушу жана адистердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, сапардын жүрүшүндө министр өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен жолугуп, алардын пикирлерин жана борбордун ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын укту. Ата-энелер көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына жана түзүлгөн шарттарга оң баа берип, борборду кошумча жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Министр келген учурда борбордо 49 адам реабилитациялык кызмат алып жаткан. Алардын 37си стационардык шартта, 12си күндүзгү бөлүмдө дарыланууда. Балдар менен бирге 29 коштоочу адам болгон.

Белгилей кетсек, "Келечек" борборунда бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Ал 2022-жылдын 29-декабрында ачылгандан бери жалпы 2 546 бала реабилитациялык кызматтардан пайдаланган.

Алмаз Имангазиев өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле алардын муктаждыктарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды