Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Ош шаарында педиатрия боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, ага 300дөн ашуун дарыгер жана медициналык адис чогулду.

Маалыматка ылайык, иш-чарага АКШ, Азербайжан, Түркия, Россия жана Өзбекстандан 20га жакын окумуштуу чакырылган.

Конференциянын негизги максаты педиатрия тармагындагы медициналык адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, балдар арасындагы ооруларды диагностикалоонун, дарылоонун жана алдын алуунун заманбап эл аралык ыкмалары менен тааныштыруу болуп саналат.

Анда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутату Салтанат Аманова балдардын ден соолугун коргоонун, педиатрия тармагын өнүктүрүүнүн, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун жана аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында аталган тармактагы актуалдуу маселелер, балдардын ден соолугун сактоо, ооруларды эрте аныктоо, натыйжалуу дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап илимий жетишкендиктер талкууланды.

Чет өлкөлүк окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, клиникалык тажрыйбалары жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүдөгү заманбап ыкмалары менен бөлүшүштү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады

Бишкекте бир күндө 1479 тонна таштанды чыгарылды

Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду