Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады
Бишкектин Гоголь көчөсүн реконструкциялоонун алкагында жол инфраструктурасын жаңылоо жана ага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштердин комплекси толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки узундугу 1,5 чакырымга жакын тилкеде асфальт төшөлүп, жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди.
Ошондой эле жолдун эки тарабына тең унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.
Мыйзамсыз орнотулган кабелдер демонтаждалып, тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү.
Мындан тышкары, жол боюндагы жашыл аймактар көрктөндүрүлүп, 200дөн ашык жаңы көчөт отургузулду. Ошондой эле Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды.
Чүй проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу