Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортсмендер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, ал мелдеште 90 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортсмендерин жеңип финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочу менен күч сынашып, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи медаль болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында 57 кг чейинки салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сауд Арабия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Бишкекте мейманкана куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды