акыркы жаңылыктар

Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат

Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчыга ишкананын продукциялары – жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлор жөнүндө

Өткөн жылы 3 млрд сомдук техника дыйкандарга лизингге берилди

Өткөн жылы 3 млрд сомдук техника дыйкандарга лизингге берилди

Быйылкы жылдын 1-январына карата 2011-жылдан бери бардыгы болуп 9.4 млрд сомго 4772 даана техника лизинг долбоорлору аркылуу дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрлик 2022-жылы 3 млрд сомго 983 техника берилгендигин тастыктады. Ал эми быйыл 1-февралга карата болсо, 79.2 млн

КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлор даярдалууда - президент

КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлор даярдалууда - президент

Учурда КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-

Ошто ипотекалык шартта турак-жай берүүнүн шарттары өзгөртүлдү

Ошто ипотекалык шартта турак-жай берүүнүн шарттары өзгөртүлдү

Ош шаарында “Ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында маалым болду. Эми ипотекалык турак жайды сатып алуучу КРнын жөндөмдүү жарандары гана эмес, юридикалык жактар да боло алат. Мындан тышкары: * 18 жаштан (арыз берилген

Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Салык кызматынын башчысы жолугушуунун катышуучуларына салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында ККМ, ЭТТК, ЭЭФ киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 2022-жылы мекеме мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Прокурордук текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда

КР Айыл чарба министрлиги ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан «Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндө» (ТР ТС 022/2011) техникалык регламентине өзгүртүүлөрдү киргизүү сунушталып жактандыгын маалымдады. Бул өзгөртүүлөр уюмдун же жеке ишкердин жайгашкан ордунун (шаарлардын, облустардын, көчөлөрдүн) аты өзгөргөн учурда продукцияны сатууга жана жүгүртүүгө жол берүү бөлүгүнө тийиштүү. Тактап айтканда, продукциянын жарактуу

Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди

Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди

2023-жылдын 1-январына карата Баткен облусунун 587 ишкердик субъектисине 484.63 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, министрлер кабинетинин “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген. Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардарга кыргызстандыктар 14 млн сом чогултушту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардарга кыргызстандыктар 14 млн сом чогултушту

Жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 14-февраль күнүнө карата 13 млн 962 сом жана 12.5 миң рубль чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин

МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат

МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат

Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап, 9.5 миң жаран банктарга кезекке турушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусунда билдирди. Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3.8 млрд сом өлчөмүндө каражат

Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Zhongtong 6105 маркасындагы 120 жаңы автобустун кыймыл чиймесин аныктаганын билдирди. Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: * №35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак кечээ, 13-февралда КР менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун