Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак кечээ, 13-февралда КР менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун билдиришет жана айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде Эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнү көздөшөт.

“Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн КР менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн тиешелүү механизми катары жогору баалашат.

Тараптар экономиканын өз ара кызыгууну жараткан артыкчылыктуу тармактарында маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Фонддун биринчи келечектүү биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу башталгандан кийин Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү маселесин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты. Тараптар Фонддун ишмердигинин алкагында айыл чарба, энергетика, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү колдошот.

Тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын колдошту, аны өткөрүү мөөнөтү кошумча макулдашылат, ошондой эле кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин алкагында ишти улантууга макулдашышты.

Тараптар «Будапешт – Бишкек – Будапешт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамынын ачылышы инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар КРнын жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттардын жеңилдетилгенине позитивдүү баа берүү, ошондой эле КРнын жана Венгриянын жарандарынын, анын ичинде эмгек ишмердиги менен алектенгендердин эки өлкөнүн аймактарында болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.

Жапаров Венгриянын жетекчилигине, Венгриянын элине кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Венгриянын президенти Каталин Новакты жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды жооп сапарлары менен КРга келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы