Түркиялык инвестор Кара-Балта шаарында жаңы текстиль фабрикасын ачат
Инвестиция жана өнүктүрүү агенттиги Түркиядан келген инвестор менен биргеликте токтоп турган ишкананын – мурдагы Кара-Балта килем комбинатынын базасында, келерки жылы жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 3-декабрда эки тараптуу жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланып, андан соң