Депутаттардын айлыгын кыскартуу – бул чындап эле үнөмдөөбү же популизмби?

Депутаттардын айлыгын кыскартуу – бул чындап эле үнөмдөөбү же популизмби?

Бир күн мурда президент Садыр Жапаров мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду, анда башка чаралар менен катар депутаттардын айлык маянасын кыскартуу да камтылган. Бирок маалыматтарга караганда, парламентарийлердин айлыгы өтө көп деле өзгөргөн эмес.

Жарлыктын алкагында ЖКнын депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлгөн.

Ошентип:

  • ЖКнын Төрагасынын кызматтык айлыгы – 30 миң сом 
  • Вице-спикерлердин айлыгы – 27 миң сом
  • парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларынын маянасы – 26 миң сом
  • депутаттардын айлыгы – 25 миң сом деп чечим чыгарылган.

Бирок 2020-жылдын июль айында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын айлыгы 200 миң сомго чейин жетет деген маалыматты төгүнгө чыгарган болчу.

«Депутаттар 25 миң сом, вице-спикер 27 миң сом, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы 30 миң сом алат», – деп айтылган ал маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттын орточо айлыгы кошумча берилген үстөктөрдү эсепке албаганда 30 миң сом экени айтылган. Бирок үстөк акылар айлыктын суммасы менен бирдей болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешев өзүнүн YouTube каналында жарыялаган маегинде депутаттар 25 миңден 70 миң сомго чейин айлык алышат деп билдирген болчу.

«Айлык акынын өлчөмүнө депутаттын иш стажы, илимий наамы жана башка факторлор таасир этет. Менин маянам болсо – 50 миң сом», – деген ал.  

Депутаттар ай сайын уюлдук байланышка, бензинге, унааларын оңдоого жана кеңсе буюмдарына кошумча каражат алышаарын белгилей кетиш керек. Мындан тышкары, алар кышка даярдык көрүү үчүн 35 миң сомдон консервалоо үчүн төлөмдөрдү алышат.

Депутаттардын айлык акысын төмөндөтүүдө бюджетте канчалык үнөмдөө болоору азырынча белгисиз. Бирок өткөн жылы депутаттарга 790 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Мындан тышкары окуңуз

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат.

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички