Түркиялык инвестор Кара-Балта шаарында жаңы текстиль фабрикасын ачат

Түркиялык инвестор Кара-Балта шаарында жаңы текстиль фабрикасын ачат

Инвестиция жана өнүктүрүү агенттиги Түркиядан келген инвестор менен биргеликте токтоп турган ишкананын – мурдагы Кара-Балта килем комбинатынын базасында, келерки жылы жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-декабрда эки тараптуу жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланып, андан соң Кара-Балта шаарына барып, фабриканын курулушу менен таанышышты.

Долбоорду «Декна Бишкек Текстиль» ишканасы 25 млн доллар инвестиция менен ишке ашырат. Инвестор буга чейин фабриканын курулушуна 400 миң доллардай инвестиция салган.

Ведомстводон билдиришкенине караганда, келечектеги ишкана кластердик ыкма менен иштеген уникалдуу фабрика болмокчу. Анткени ал даяр текстилдик кездемеден калган калдыктарды жипке жана кездемелерге кийинки материалдарды кайра иштетүү аркылуу иш жүзүндө калдыксыз өндүрүштү камтыйт. Биринчи этапты ишке киргизүүдөн кийин ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бүтүндөй текстиль кластерин түзүү пландаштырылууда.

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, бул долбоорду ишке ашырууда 800-1000 жумушчу орун түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек