Экономика
Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту. Минкаб башчысы IFC менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.