Таласта бюджеттик 6 млн сомду уурдоо фактысы аныкталды

Таласта бюджеттик 6 млн сомду уурдоо фактысы аныкталды

Таласта коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 млн сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды. Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Каржы министрлиги физикалык алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Ведомство жаңы санариптик активди экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык курал катары карап жатат. USDKGди киргизүү трансчегаралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, республикага инвестициялык тартып келүүнү күчөтүп, анын финансылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган. Алтын менен камсыздоо жаңы санариптик валютанын туруктуулугун камсыздайт деп

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги