Тон районунда 2.8 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат

Тон районунда 2.8 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат

Тон райондук электр тармактарында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда ишкананын кызматкерлери Боконбай айылында эскилиги жетип, авариялык абалга келген жыгач мамыларды жаңы темирбетон мамыларга алмаштырып жатышат. Жалпысынан 2024-жылы Тоң районунда 172 жаңы темир бетон мамылар орнотулат.

Ошондой эле Тоң электр тармактары 2024-жылы электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында жалпы узундугу 3,2 чакырым заманбап СИП зымдарды орнотушат.

Мындан сырткары 10 кВ 1 комплекттүү трансформатордук көмөкчордон орнотулуп, 3 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторго алмаштырылат.

Ошону менен бирге, Тоң РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдануу иштердин алкагында капиталдык оңдоо иштери улантылууда. Жалпысынан ушул жылы 43 чакырым электр чубалгы жана 46 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт жана узундугу 2,8 чакырым 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 32 чакырым болгон электр зымдары бак-дарактардын бутактарынан тазаланат.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында https://ipes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media