Коом
Бишкекте №56 жаңы автобус каттамы ачылууда
Бишкек шаарында 2024-жылдын 25-январынан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт.