Соцфонддун үч жылдык планынын бюджети бекитилди
![Соцфонддун үч жылдык планынын бюджети бекитилди](/content/images/size/w1200/2024/01/1302241.54846ca01d488619654e504aa59571a0-1.jpg)
Президент Садыр Жапаров “КРнын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты КРнын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.
Мыйзамда Соцфондунун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106.0 млрд сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105.3 млрд сом суммасында бекитилери каралган.
Мында мекеменин 2024-жылга бюджетинин профицити 1.6 млрд сом суммасында белгиленүүдө.
Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.