Салык кызматы 2023-жылы 249.4 млрд сом чогултту

Салык кызматы 2023-жылы 249.4 млрд сом чогултту

Салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41.3 млрд сомго көп жыйналды.

Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16.5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387.4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү максаттарга жетүүдө жана пландык көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылышында негизги ролду ойноду.

Мындан тышкары окуңуз

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Башкы прокуратура жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды өз убагында көргөн эмес. Жаран аталган кызматка бир нече жолу кайрылганына карабастан, жубайынын каза