акыркы жаңылыктар

Оштун мэриясы саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Коом

Оштун мэриясы саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Ошто шаардын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жыйын алып барып, анын алкагында саламаттык сактоо тармагында бир канча жетишкендиктер боюнча баяндамалар жасалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди. Маалым болгондой, Ош шаарында жалпы 22 мамлекеттик медициналык мекеме ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Шаарда 2023-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3

Канатбек Тургунбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Бийлик

Канатбек Тургунбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Эске сала кетсек, Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматына 2023-жылдын февралында дайындалган.

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди

Экономика

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн: ·      жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө, коомдун керектөөлөрүн камсыздоого, экономикалык коопсуздукка, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоого багытталган 2026-жылга чейин

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү

Коом

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди. Такталгандай, зилзаладан жабыркаган өлкөгө Кыргызстандан 111 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. “Жардам кербенин” уюштуруп, ак жол тилеген министр, генерал-майор Бообек Ажикеев 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатты. Ошентип ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген куткаруучулар курамынан турган

2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң долларды түзүшү мүмкүн

Экономика

2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң долларды түзүшү мүмкүн

2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза салыктардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган, анын ИДП түзүмүндөгү үлүшү 13.8%дан 16.9%га чейин өскөн. "2022-жылы азык-түзүккө

Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт

Гранттар жана кредиттер

Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет. Мекеме белгилегендей, бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү боюнча мини-заводду же цехти курууну камтыйт. Бизнес план боюнча

Минкаб аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Бийлик

Минкаб аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат деп убадалады. Бул тууралуу ал президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угууда билдирди. “Быйылкы ишибиздин башкысы – административдик-территориалдык реформа. Азыр

Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган

Экономика

Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган

2023-жылы Нарын облусуна 2 млрд сомдук түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, түз инвестициялардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп болгон.  "Долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 3 млрд

Салыкчылар Аламүдүн базарынан 11.7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Бизнес

Салыкчылар Аламүдүн базарынан 11.7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкектин Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Чек ара аймактары толук калыбына келтирилди – Баткендин жетекчилиги

Коом

Чек ара аймактары толук калыбына келтирилди – Баткендин жетекчилиги

Баткендин чек арасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы башчысы Абдикарим Алимбаев Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйынында билдирди. "Кагылышуудан чек арага чектеш айылдар, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурады. Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери аягына чыкты. Жеринде активдүү иш алып барылды"

Кыргыз-өзбек унаа заводу 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизилет

Экономика

Кыргыз-өзбек унаа заводу 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизилет

Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен унаа чыгаруучу заводу курулуп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, аталган заводдо быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында алгачкы унаалар чыгарыла баштайт. "Азыркы учурда заводду куруу иштери аягына чыгып жатат жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин

Минкаб мындан ары жылды профициттер менен гана жабууну убадалады

Экономика

Минкаб мындан ары жылды профициттер менен гана жабууну убадалады

Министрлер кабинети мындан ары профициттер менен гана жылды жабат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында.  Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгон. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 13.9 млрд сомду түздү.