Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт

Өкмөт сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга колдоо көрсөтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет.

Мекеме белгилегендей, бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү боюнча мини-заводду же цехти курууну камтыйт. Бизнес план боюнча сафлор майын өндүрүү цехтин курулушу 8-16 миң долларды талап кылат. Министрлик Фонд менен биргеликте мындай цехти ачууга кызыктар болгон ишкерлерге жана дыйкандарга техникалык колдоо көрсөтөт.

Толук маалымат алуу үчүн 0557557529 (Назгүл Каарбаева) номуруна кайрылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

Бүгүн, 6-октябрда "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз тебүүчү аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришет. Жаңы сезондун ачылышы менен "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси балдарды, чоңдорду активдүү эс алууга чакырат. Бул жерде көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана

Ишкер Media
Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандарды туристтик сапарларды, эс алууну жана туристтик жолдомолорду сатып алууну сунуштоо менен байланышкан алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу эскертүү таратты. ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар социалдык тармактарга жана мессенджерлерге чет өлкөгө “пайдалуу баада” саякаттап келүүнү сунуштаган жарыяларды жайгаштырышат. Анда авиабилеттер,

Ишкер Media
Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени

Ишкер Media