Минкаб аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Минкаб аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат деп убадалады.

Бул тууралуу ал президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угууда билдирди.

“Быйылкы ишибиздин башкысы – административдик-территориалдык реформа. Азыр бардык маселелерди айтып талкуулап, сурап, чечип кетиңиздер. Бул реформа экономикалык жактан өнүгүүбүзгө чоң түрткү болот. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет, ага карата бардык жерде көзгө көрүнөөрлүк 100 иш аткарылсын”, - деди Акылбек Жапаров.

Өнүктүрүү фонддору боюнча өзгөчө сөз болушу керектигин айткан Жапаров облустун жана райондун өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 2.8 млрд сом келип түшүп, анын 1.7 млрд сому жумшалганын билдирди.

“Өнүктүрүү фонддору” деп аты эле айтып тургандай, каражаттар өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Юбилей-тойлорго кетти деген сөздөр болбосун! Пайдалуу иштерге жумшалышын контролго алгыла, багыт бергиле. Кыргыз-орус, өзбек, венгер фонддоруна жана кепилдик фонду сиздерде кандай долбоорлор өтөт, алар кандай формада жазылышы керек, кандай пункттарына көңүл буруу маанилүү – булар боюнча аймактарга ушул күндөрү үйрөтүңүздөр”, - деди ал.

Акылбек Жапаров быйыл – 250 миң жумуш орундарын түзүү, бул башкы артыкчылык болушу керектигин билдирди.

“Ар бир ишкердин, инвестордун артынан чуркоо керек. Эмгек ресурстарына болгон мамилебизди түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу учуру келди. Биздин динамикалуу экономикабыз жумушчу колдорго муктаж, жетишпейт жатат. ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу зарыл. 16 жаштан 60 жашка чейин бардык каалоочулар жаңы квалификацияга ээ болушу керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, жыйынга аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору да чакырылган, алар облусту өнүктүрүү боюнча маалымат берүүдө.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын мындан ары дагы жакшыртуу үчүн аймактарда өндүрүш ишканаларын жандантуу, ошондой эле Салык кызматы жетиштүү деңгээлде ККМ менен камсыз кылуусун тапшырды.

Ошондой эле, жер мунапысынын алкагындагы иштер – бул Президенттин тапшырмасы деген МинКаб Төрагасы бул багытта 140 миңден ашык арыз келип түшкөнүн анын 50% канааттандырылганын билдирди.

“Акимдин орун басарлары, комиссия башчылары, негизи эле бардык тиешелүү кызматкерлер бир да коррупцияга аралашпасын жана  келип түшкөн арыздарды тезинен карап, чечип берип турушсун. Ал эми айдоо жерлерине токтолсом 42 миң 567 гектар жер айдалбай калды. Көйгөй – сугат суу. Бул максатта ирригацияга былтыр 1 млрд, быйыл 2,2 млрд сом карап жатабыз. Сиздер тараптан да алгылыктуу иштер болушу керек”, - деди ал.

Акылбек Жапаров документтер менен иштөө иштерине да токтолуп жатып, элдин берген баасы баарынан жогору тураарын билдирди.

“Кызматкерлерге карата коомдогу нааразычылыктарда өлкөдө киргизилип жаткан санариптик системалардын иштеши маанилүү. Маселен, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча ишин жакшы көрсөтө албаган райондорду белгилеп кетсем Ала-Бука, Жайыл, Алай, Аламүдүн, Ак-Талаа райондорунда мөөнөтү өтүп кеткен документтер көп. Системага толук кирбегендиктен, элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө нааразылыктар жаралат. Ошондуктан акимдердин ишин баалоодо буга да көңүл буруңуздар”, - деди Акылбек Жапаров.

Алдыда амбициялуу көп иштер турганын айткан МинКаб Төрагасы биринчи кезекте адам капиталы күчтүү болушу керектигин, айрыкча ар бир жетекчи билбегенин сурап, билгенин башкаларга үйрөтүү жолунда болушу керектигин билдирди.

“Региондогу элге мамлекетибиздеги жасалып жаткан иштерди, Президентибиздин жетишкендиктерин, пландарыбызды жакшылап жеткириңиздер. Ар бириңердин артыңарда элибиздин тагдыры жана келечеги турат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандарды туристтик сапарларды, эс алууну жана туристтик жолдомолорду сатып алууну сунуштоо менен байланышкан алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу эскертүү таратты. ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар социалдык тармактарга жана мессенджерлерге чет өлкөгө “пайдалуу баада” саякаттап келүүнү сунуштаган жарыяларды жайгаштырышат. Анда авиабилеттер,

Ишкер Media
Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени

Ишкер Media
Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. 2029-жылга чейин аны 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы тармакта бир катар чечимдер кабыл алынды: Президенттин Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү болуп белгиленди. 2025-2029-жылдарга

Ишкер Media