Бийлик
Монголиянын делегациясы «Кыргызалтындын» аффинаждоо заводуна барды
Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мекеме билдирди. “Аффинаждоо заводу” филиалына болгон иш сапарынын алкагында Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырзага "Кыргызалтын "ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов чендик куймаларды чыгаруу, өндүрүү процесси жөнүндө жана баалуу металлдын эритмесинин техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.