Экономика министрлиги: бензиндин баасы туруктуу

Экономика министрлиги: бензиндин баасы туруктуу
Photo by Dawn McDonald / Unsplash

Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылдын 25-октябрына карата күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалардын абалы жөнүндө маалымдады.

Дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары рыногу учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлөт. Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардан көз каранды, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлар негизинен Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан (Омск, Орск, Ангарск, Башнефть), анткени КР ушул рынокто импортко көз каранды бойдон калууда, ал эми баалар тышкы факторлорго көз каранды.

Индикативдик баланстын алкагында Россиянын күйүүчү-майлоочу материалдарды алымсыз ташып келүү көлөмүн өткөн жылдын деңгээлине чейин көбөйттү. Кыргыз Республикасынын мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт. Орточо суткалык керектөө: бензин – 1781 тонна, дизель майы 1507 тонна (бардыгы 3288 тонна).

Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына жараша болот. Бирок алар Россияда дүң жана чекене баалар менен түздөн-түз байланыштуу эмес. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы баалар субъекттер тарабынан өз алдынча, рыноктук конъюнктуранын негизинде түзүлөт, б.а. суроо-талап жана сунуш, мамлекеттик жөнгө салуу жок.

КР Экономика жанакоммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майларга (Аи-92 жана дизель майы) баалар ) туруктуу бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кечээ Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйын Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү. Анда ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо жана