акыркы жаңылыктар

Иран Кыргызстандын төө буурчагына “Ден соолук сертификатынын” жойду

Экономика

Иран Кыргызстандын төө буурчагына “Ден соолук сертификатынын” жойду

2023-жылдын 9 айынын ичинде Иранга төө буурчактын экспорттук көлөмү 5.6 миң тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Мындан тышкары ушул эле убакытта төө буурчак ири көлөмдө Турцияга – 8.1 миң тонна, Россияга – 7.8 миң тонна, Сербияга – 3.3 миң тонна, Грузияга – 1.4 миң тонна, Индияга

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.8 млрд куб метрди түздү

Экономика

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.8 млрд куб метрди түздү

2023-жылдын 16-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 873 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 300 куб метрди түзүп, сууну керектөө секундасына 170 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Коом

Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар жана минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди. Маалыматка ылайык, чектөөлөр 2023-жылдын 15-октябрынан 2024-жылдын 1-майына чейин киргизилди. Мындай чечим кыш мезгилинде жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынган. Учурда ЖКККББнын кызматкерлери автобекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканын курулушу башталды

Гранттар жана кредиттер

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманканын курулушу башталды

Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, эми Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө

2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

Бизнес

2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдайт. Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: • жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык

ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Бийлик

ӨКМге россиялык Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Россиядан Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында болгон. "Тик учак бардык аппараттары менен алынды. Лебедка, кычкылтек аппараты, медициналык модуль, өрт өчүрүүчү

Сүт секторун колдоо долбоору аркылуу 3 млн долларга насыя берилди

Гранттар жана кредиттер

Сүт секторун колдоо долбоору аркылуу 3 млн долларга насыя берилди

Сүт секторун колдоо долбоору аркылуу 2 миң ишкер каржыланып 3 млн долларга насыя берилди. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Анын айтымында, Финансы министрлиги сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоорунун каржылоосун кеңейтип жана жаңы аймактарды камтууну пландаштырууда. “Министрлер кабинетинин бул долбоору биздин фермерлерге уй сатып алып, сүт азык

Садыр Жапаров Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы тууралуу интернеттен окуган

Бийлик

Садыр Жапаров Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы тууралуу интернеттен окуган

Бишкекте ушул 2023-жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынды. Бул окуя президент Садыр Жапаровдун пикирин “Кабар” мамлекеттик агенттигине билдирди. Анын айтымында, ал алгачкы маалыматты интернет булактарынан көргөн. “Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагынан курулуп башталышы мүмкүн

Экономика

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагынан курулуп башталышы мүмкүн

Транспорт жана коммуниациялар министрлиги жана “Кыргыз Темир Жолу” ишканасы менен биргеликте өзбекстандык кесиптештер менен Кытай – Кыргызстан – Ө бекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Такталгандай, Аталган долбоорду каржылоонун ар кандай моделдерин талкууланды. Алардын ичинен үчөөнө токтолуп, негизинен МЖӨгө басым жасалат. Өзбекстандык

Жумгалда жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп ачылат

Коом

Жумгалда жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп ачылат

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Анын айтымында, куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары

Кытайдан Кыргызстанга учурда кандай акча которуу ыкмалары бар?

Кызыктуулар

Кытайдан Кыргызстанга учурда кандай акча которуу ыкмалары бар?

Биз Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы акча которуунун жолдору тууралуу маал-маалы менен айтып келебиз. Бүгүн биз Кытайдан кантип акча которуу ыкмалары бар экенине токтолмокчубуз. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Кытайдан Кыргызстанга ар кандай эл аралык акча которуу системалары аркылуу, өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана онлайн төлөмдөрдү колдонуу аркылуу акча жөнөтүүгө болот. Банктан которуу

Нарында эки кабаттуу мектеп курулду – Мамкурулуш

Коом

Нарында эки кабаттуу мектеп курулду – Мамкурулуш

Кочкор районунундагы Ак-Кыя айылындагы Бейшеев атындагы жаңы мектеп эки корпустан туруп, спорттук зал жана өтмө галереясы бар. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Анын айтымында, мектептин долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталган. Жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары химия, физика, биология сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыргыз тили, чет тили,