Кытайдан Кыргызстанга учурда кандай акча которуу ыкмалары бар?

Кытайдан Кыргызстанга учурда кандай акча которуу ыкмалары бар?

Биз Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы акча которуунун жолдору тууралуу маал-маалы менен айтып келебиз. Бүгүн биз Кытайдан кантип акча которуу ыкмалары бар экенине токтолмокчубуз.

Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Кытайдан Кыргызстанга ар кандай эл аралык акча которуу системалары аркылуу, өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана онлайн төлөмдөрдү колдонуу аркылуу акча жөнөтүүгө болот.

Банктан которуу

Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Кытайдан банк аркылуу акча жөнөтүүгө бир кыйла көп документтер талап кылынат. Киреше булагын тастыктабасаңыз, кытай банктары которо турган сумманы 500 долларга чейин чектейт. Чет элдиктер кирешелерин тастыктаган тиешелүү документтерди берген шартта акча которууларды чектөөсүз жүргүзө алышат.

500 доллар же андан төмөн суммада акча которууга мындай документтер талап кылынат:

 жарактуу визасы бар паспорт

 банк картасынын жана банк эсебинин реквизиттери, эсептин номери, ошондой эле банктын аталышы жана дареги (жөнөтүүчү жана алуучу үчүн)

 үй банкыңыздын же алуучунун банкынын SWIFT коду же банктын идентификациялык коду (BIC).

Чексиз акча жөнөтүү үчүн, жогорудагы малыматтардан тышкары, сизге төмөндөгүлөр керек:

 жарактуу виза, жашоого жана иштөөгө уруксаты бар паспорт

 мөөрү же изи менен эмгек келишиминин түп нускасы

 ай сайын салык түшүүлөрү жөнүндө маалыматтар (которуу суммасына жараша)

 Сиздин компанияңыздан берилген айлык маянасы тууралуу квитанциялар

 төлөнгөн салыктын суммасына барабар жетиштүү каражат.

Белгилей кетчү нерсе, акчаны жөнөтүү үчүн кызмат акысы бар, ал банкка жана акча которуунун суммасына жараша болот. Адатта бул сумма 80-150 юандын ортосунда болот.

Western Union жана Moneygram акча которуу системалары

Western Union же Moneygram сыяктуу акча которуу системалары аркылуу акча жөнөтүү банктык которуу менен дээрлик бирдей эле. Бирок, көп адамдар билгендей эле, бул системалардын өздөрүнүн соода түйүндөрү же мекемелери жок. Сиз аларды Bank of China же ICBC сыяктуу кытай банктарынан таба аласыз.

Акчаны шашылыш жөнөтүп жатсаңыз, бул ыкманы колдонуу ыңгайлуу. Анткени транзакция 10 мүнөттүн ичинде бүтөт, ал эми алуучу акчаны 24 сааттын ичинде же андан азыраак убакыттын ичинде ала алат.

Western Union же Moneygram тейлөө пункттары банктан которуу үчүн документтерди талап кылат. Алар ошондой эле жөнөтүлгөн акчанын көлөмүнө жараша тиешелүү тейлөө акысына ээ.

Бул системалар аркылуу онлайн акча жөнөтүү үчүн сизде Кытайдагы Western Union же Moneygram системасынын дебет картасы жана мобилдик банкингдин өнөктөшү болушу керек. Сиз ошондой эле алуучу жана транзакциянын суммасы жөнүндө толук маалымат беришиңиз керек. Андан кийин сиз которууну көзөмөлдөй аласыз. Андан кийин, акча которуунун контролдук номерин алуучуга бериңиз. Ал эми тейлөө пункттары аркылуу өзүңүз акча жөнөтүүнү кааласаңыз, анда бул которуу системалары менен кызматташкан банкка кайрылышыңыз керек.

Paypal

PayPal Кытайда санариптик төлөм лицензиясын алган биринчи чет элдик компаниялардын бири. Банк же акча которуу кызматы аркылуу которуу мүмкүн болбосо, PayPal колдонуу жакшы вариант болуп саналат. Бирок, бул учурда комиссиялар жогору болушу мүмкүн. Бул комиссияны PayPal гана эмес, чет элдик банк да алып жатканына байланыштуу.

Кытайдагы банк эсебиңизди байланыштыруу үчүн Кытайда PayPal эсебин ачышыңыз керек экенин эске алыңыз. Каражаттарды алуучунун да PayPal эсеби болушу керек.

Alipay

Alipay'де акчаны түздөн-түз чет элдик эсепке жөнөтүүгө мүмкүндүк берген эл аралык акча которуу функциясы бар. Бирок, кытайлык идентификатор талап кылынгандыктан, муну сиз үчүн кытайлык жергиликтүүлөр гана жасай алышат. Которуулар күнүнө эки транзакция жана которуу үчүн 30 000 юань өлчөмү менен чектелет. Alipay адатта, которуу үчүн 50 юань алат жана Paypal сыяктуу эле, алуучу банк да комиссия алат.

Бул вариант жакшы болгонуна карабастан, Alipay аркылуу которуулар дагы эле Кытайдын мыйзамдарына баш ийет. Бул сиздин кирешеңиздин булагын жана ошол акчага төлөнүүчү салыкты далилдешиңиз керек дегенди билдирет. Кошумчалай кетсек, сиздин атыңыздан жеке жана каржылык операцияларды жүргүзүү үчүн ишенимдүү адамды табуу оңой болбойт.

Wise

Wise колдонмосу аркылуу акча жөнөтүүгө да болот. Кытайдан Кыргызстанга акча которуу үчүн банк эсебиңиз менен Wise эсебиңизге кирип, андан соң КРдагы алуучунун реквизиттерин киргизишиңиз керек. Белгилей кетсек, учурда кыргызстандыктардын Wise системасына кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү: которууларды азырынча банк эсебине гана алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде, Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана органикалык аймактарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү, органикалык

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 жаңы сквер курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, учурда скверлерди куруу иштери соңку этапка өтүп, аймактарды жашылдандыруу, гүл жана көчөт отургузуу иштери жүрүүдө. Жаңы эс алуу жайлары июнь айында пайдаланууга берилет. Белгиленгендей, скверлердеги жашыл зоналар заманбап тамчылатып

Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чучук, казы-карта сураган архитектура кызматкери жумуштан бошотулду

Чүй облусунун жетекчиси тургундар менен жолугушуу учурунда архитектура башкармалыгынын кызматкери Адыл Усупов үй курууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү жашоочудан казы- карта жана акча талап кылганы маалым болду. Жергиликтүү аялдын айтымында, ал үй курууга уруксат алуу үчүн мэрияга кайрылган. Узакка созулган макулдашуулардан кийин уруксат берилген, бирок архитектура башкармалыгы менен иш алып