акыркы жаңылыктар

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Саясат

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон тазалоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров, 29-июнда, Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин суучулдар тобу менен биргеликте аткарылып жаткан иштерди жеке өзү текшерди. Президентке маалымдалгандай, анын тапшырмасына ылайык үстүбүздөгү жылдын

Чек ара чырларынан кийин ишкерлер дагы деле кооптонуп турушат — Баткен ЖИА

Бизнес маек

Чек ара чырларынан кийин ишкерлер дагы деле кооптонуп турушат — Баткен ЖИА

Жеңилдетилген кредиттер Баткендин ишкерлерине жетпей жатат жана эки жолку чоң чек ара чырынан соң ишкерлер дагы деле кооптонуп турушат. Мындай маалыматты Баткен ЖИАнын жетекчиси Муратбек Газыев ИШКЕР MEDIA басылмасына берген маегинде билдирди. Ошондой эле ал облустагы ишкерлердин абалы жана учурда кайсы тармактарда өнүгүү байкалгандыгы тууралуу бир катар пикирлерин айтты. Газыевдин

Өкмөт эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган өндүрүш ишканаларды жандандырат

Экономика

Өкмөт эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган өндүрүш ишканаларды жандандырат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КР эгемендүүлүк алган жылдан бери Бишкек шаарындагы токтоп турган бир катар өндүрүш завод-фабрикаларды кайра жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Алгач Төрөбаев Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан сегиз жылдан бери токтоп турган «Кыргызпластик» ЖЧКга

«Арча-Бешик» конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

Коом

«Арча-Бешик» конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

Июнь айында «Бишкексууканал» ӨЭБсы «Арча-Бешик» жаңы конушунун 5504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Бул кайра эсептөө иштери абоненттердин сууга жана саркынды сууга ай сайын төлөнүүчү төлөмдү, дебитордук карызды жана кайра эсептөө жөнүндө маалыматты камтыган  квитанцияларды берүү жолу

Борбор калаанын мэриясы курулуп жаткан бала бакчаларды көрсөттү

Коом

Борбор калаанын мэриясы курулуп жаткан бала бакчаларды көрсөттү

Бишкектин мэриясы ЖМКга конуштардагы бала бакчалардын курулушунун жүрүшүн көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Биринчи объект Калыс-Ордо конушу болду, анда 140 орундуу жана 7 тайпага ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталган. Имараттын аянты 1390 м2, аянты 0.68 га. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана,

Минкаб жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди

Саясат

Минкаб жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди

Жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат, медициналык жабдуулар модернизацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада айтты. Анын айтымында, 2-3 жылдын ичинде окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлөт, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынат, электрондук медицина өнүктүрүлүп, башкысы – медицинадагы коррупция токтошу

Кедей өлкө синдромунан арылдык – Акылбек Жапаров

Бизнес

Кедей өлкө синдромунан арылдык – Акылбек Жапаров

Кыргызстан бардык стереотиптерди талкалай алды – «кедей өлкө синдромунан арылды». Бул тууралуу Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. «Кыргызстан эмне кыла алат дегенди бүт дүйнөгө далилдей алды: биздин өлкөгө карата бардык стереотиптерди талкалай алдык – «кедей өлкө синдромунан арылдык», - деди Жапаров. Ал кошумчалагандай, учурда

«Бишкекасфальтсервис» автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин улантылууда

Коом

«Бишкекасфальтсервис» автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин улантылууда

Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады. Бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бригада бордюрларды орнотууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда. Ошондой эле, бардык иштер аяктагандан кийин

Жогорку Кеңеш Сауд өнүктүрүү фонду менен 100 млн долларлык насыя келишимин колдоду

Гранттар жана кредиттер

Жогорку Кеңеш Сауд өнүктүрүү фонду менен 100 млн долларлык насыя келишимин колдоду

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы 2023-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «КРда турак жай курулушун каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, СӨФ турак-жай куруу долбоорлорун каржылоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар өлчөмүндө насыя берет. МИК жалпысынан долбоордун алкагында

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү

Экономика

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 760 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат. «Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 875.6

Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Бизнес маек

Туризм — бул сонун нерсе, Кумтөрдүн алтынына караганда, акча элдин колуна түз тиет — Узакбек Бакиров

Чет өлкөлүк турист Кыргызстанда бир күндө орточо 8-10 миң сом таштайт жана ал акча туристтик кызмат көрсөткөн жергиликтүү калктын колуна түз тиет. ИШКЕР MEDIA Кыргызстандын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк туристтерге тур уюштуруп, бул тармактын ысык-суугун көрүп, өлкөнүн бүт аймагын түрө кыдырткан гид Узакбек Бакиров менен маектешип, кызыктуу маалыматтарды

Эмгек министрлиги Ысык-Көлдө социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Коом

Эмгек министрлиги Ысык-Көлдө социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, Ысык-Көл облусунда быйылкы жылы мамлекет тарабынан аз камсыз болгон 794 үй-бүлөгө 100 миң сом берилди, анын ичинен  256сы Ак-Суу районунда жашайт. Алардын көбү айыл