Баткенде аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду

Баткенде аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду

Баткенде чек арадан аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар бажычылар менен биргеликте Volvo-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармап, анын айдоочусунда жүктү коштогон жалган электрондук документ болгондугун аныкташкан.

Жасалма коштомо баракты пайдаланып 20 жаштагы А.у.А., аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну 7 тонна анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас-Достук унаажолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 31 жаштагы Г.М. аттуу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кармашкан.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө чек ара кезмети 3500 кг «Миф» кир жуугуч порошогун табышкан. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, аткезчилик анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1.5 млн сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузгандыгы үчүн "Гимэкс" ЖЧКнын алмашуу бюросунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, бюро Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 11-кеңсе дарегинде жайгашкан. 2026-жылдын 6-апрелинде берилген №7218 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 6-октябрынан 15-октябрына чейин

Ишкер Media
Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

7-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй проспектиси - Ибраимов - Фрунзе - Осмонкул көчөлөрү. Бул аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык, өнөр жай объектилеринде суу

Ишкер Media
Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

КРнын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун негизинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран КРна экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, алардын бири - Т.К. аттуу жаран расмий документтерди жасалмалоо жолу менен Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 га жер тилкесине укук белгилөөчү

Ишкер Media
Ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы жана Чаткал райондорунда ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, жер тилкелери балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында берилген. Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан 2025–2026-жылдары

Ишкер Media