Ысык-Көл электр тармактары ишканасына жаңы атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына жаңы атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 кран-манипулятор жана 1 экскаватор Балыкчы райондук электр тармактары жана механикалык унаа кызматынын ишине жардам көрсөтөт.

«Жаңы техника калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге кошумча шарт болуп, тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана күз-кыш мезгилине өз убагында жакшы даярданууга өбөлгө түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 2 экскаватор, 1 кран-манипулятор, 5 бригадалык унаа келген, жалпы 2023-жылдын эсебинен 11 техника келди.

Ишканада автопарктын 60% эскилиги жеткен техникалар түзөт. Бирок жылдан-жылга жаңы унаалар алынып, техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте калкка жеткиликтүү баада эт сатуу үчүн заманбап көчмө фудтрактарды ишке киргизүү долбоору башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, фудтрактар "Кыргыз Агрохолдинг" тарабынан даярдалып, калаа мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна жайгаштырылат. Сыноо иретинде 10

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Президент Садыр Жапаров айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө укугу

Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Бажычылар 28 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады. Маалыматка ылайык, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын жараны Кыргызстандан белгиленген талаптарды бузуу менен 28 миң 160 долларды алып чыгууга аракет кылган. Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан

Алматы–Тамчы багыты боюнча жайкы аба каттамдары жанданды

Алматы–Тамчы багыты боюнча жайкы аба каттамдары жанданды

"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы "Компас" тур оператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча 2026-жылдагы жайкы алгачкы эл аралык каттамын аткарды. Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулду. Конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү. Тамчы – Алматы – Тамчы багыты