Бизнес
5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда
Акыркы эки жумада 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, активдүү колдоно башташты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg. тиркемесин ишке киргизген. Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.