Бишкектин Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду

Бишкектин Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду

Бишкектин Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн  жойду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Мындан сырткары өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддерОрто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку

Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Кантта мыйзам бузган муниципалдык ишканага айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Кант шаарындагы “Кант-Тазалык” муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын автотранспорттору атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузганы аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 46 миң сом өлчөмүндө административдик

Президент Түрк мамлекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президент Түрк мамлекеттер уюмунунун башкы катчысы менен жолукту

Президенти Садыр Жапаров 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент Садыр

Токтогул шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Токтогул шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Токтогул шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Бекмамат Бактыбеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу Токтогул шаарынын мэри кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. Тиешелүү чечим Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлдү. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу