Өзгөндө көмүр саткан ишкерлерге айып пул салынды
![Өзгөндө көмүр саткан ишкерлерге айып пул салынды](/content/images/size/w1200/2023/12/410047236_301356829563403_6139687868503047172_n.jpg)
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Өзгөн районунун аймагында көмүр бааларына мониторинг жүргүздү.
Мекеме блегилегендей, Өзгөн районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7.3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Андан сырткары, Өзгөн районунун аймагында 4 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пул жана 1 көмүр сатуучу жайга белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сом айып пул салынды.
![](https://im.kg/content/images/2023/12/410033119_301357072896712_1299147345196105579_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/413002395_301356909563395_4267054050058765267_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/413011761_301356872896732_5621017637617669376_n.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/12/410047236_301356829563403_6139687868503047172_n-1.jpg)