57 млн сомго зыян алып келген «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды
Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Такталгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. «Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат