Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Энергетика министри Бишкектин ЖЭБдин ишин текшерди

2023-жылдын 12-декабрында энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу иш сапары менен Бишкек жылуулук электр борборуна барып, учурдагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу борбор калаадагы ЖЭБдин аткарып жаткан ишин жеринде текшерди. Бул тууралуу министрлик билдирди. Андан кийин, министр Таалайбек Ибраев «Электр станциялары» ААКтын биринчи орун басары жана Бишкек ЖЭБинин жетекчилеринин катышуусунда жыйын

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Энергетика министри Бишкектин ЖЭБдин ишин текшерди

2023-жылдын 12-декабрында энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу иш сапары менен Бишкек жылуулук электр борборуна барып, учурдагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу борбор калаадагы ЖЭБдин аткарып жаткан ишин жеринде текшерди. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Андан кийин, министр Таалайбек Ибраев «Электр станциялары» ААКтын биринчи орун басары жана Бишкек ЖЭБинин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калкка үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук берүү, энергетиктер кышкысын штатык режимде иш алып баруусу керектигине жана авариялык учурга жол бербөө үчүн, алдын ала кам көрүүгө токтолду.

«Бишкек шаарынын ЖЭБи борбор калаанын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылышы керек. Бул үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартышат. Биздин милдет калкты кыштан үшүтпөй алып чыгуу. Ошондуктан энергетиктер кышкысын штаттык режимже иш алып барууну уланткыла. Авариялллык абалга жол бербөө үчүн, резервке жабдуулар максималдуу даяр болсун» - деди министр Таалайбек Ибраев.

 Ал эми, Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Улан Сапаров министрге Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилиндеги иштөөсүнүн учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аны туруктуу деп сыпаттады.

Жыйындын алкагында министр Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчилерине бригадалык кызматтарды күчөтүү, цехтердин жетекчилеринин жана начальниктеринин нөөмөт тартибин уюштуруу, кыдыруу жана жабдууларды текшерүүнүн интенсивдүүлүгүн жогорулатуу, алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди, негизги жана көмөкчү жабдууларды авариялык өчүрүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо үчүн тиешелүү жүктү көтөрүү.

Мындан тышкары энергетика министри насостук станциянын иши менен таанышып, станциянын нормалдуу иштеши жана жалпысынан 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More