Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks
“Орто-Сай” базарын тейлеген салыкчы кармалды

“Орто-Сай” базарын тейлеген салыкчы кармалды

Бишкектин Октябрь району боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факттар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Бишкектин Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Бишкектин Октябрь району боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факттар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкектин Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

2023-жылдын 13-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More