Экономика
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды
Улуттук банк эсептик ченин 13% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу банк маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, КРнын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө