Базар-Коргондо жаңы мектеп эшигин ачты

Базар-Коргондо жаңы мектеп эшигин ачты

Бүгүн Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылындагы №42 К.Сооронбаев атындагы 225 орундуу мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрин түзөт.

Билим уясында сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили, биология, физика, химия кабиенттер жана атайын лабораториялар каралган.

Концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорттук зал, окуучулар үчүн дене-тарбия сабагынан кийин кийим алмаштыруучу жайлар жана душ кабиналары каралган.

Мектеп азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media
Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Кадамжай районунда болуп, бир катар объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш сапарда Акимжанова "Рахат" фермердик чарбасына караштуу "Рахат Таң" сүт заводун көрүп чыкты. Завод

Ишкер Media
2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

Ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Төрага аппараттык кеңешме өткөрүп анда Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултканын айтты.

Ишкер Media
Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш аянтында жумушчу иштеп жаткан убакта трос үзүлүп кеткендиктен, ал жогорку кабаттан 3-кабатка кулап түшкөн. Азыр жабырлануучу ооруканада. Окуя боюнча Курулуш министрлиги ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен.

Ишкер Media