ЖКнын төрагасы мекемелерди жасалып жаткан жолдордун сапатына көңүл бурууга чакырды

ЖКнын төрагасы мекемелерди жасалып жаткан жолдордун сапатына көңүл бурууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун абалы менен таанышты.

Эл аралык маанидеги жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. Быйыл 8,2 чакырымын оңдоо-түзөө үчүн 57 млн сом каралган. Бирок жасалып жаткан иштердин сапаты талапка жооп бербестигине күбө болгон Төрага тиешелүү жетекчилерди көзөмөлгө алууга чакырды.

"Жол жасалганы менен четиндеги тосмолор, арыктар жана өзгөчө кырдаалдарга байланышкан курулмалар толук бүткөрүлгөн эмес. Айрыкча жолдун тардыгы жүргүнчүлөр үчүн өтө кооптуу. Ал тургай кыш өтүп, жаз келер менен жол кайра оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан, каражатты туура пайдаланып, эл аралык жолду аягына чейин тиешелүү стандарттарга ылайык, сапаттуу бүткөрүү шарт", - деген Нурланбек Шакиев жалпы 138 чакырымдык жолдун тейлөө иштери да начар экенин айтып, толук асфальттаганга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттамдын коопсуздугун камсыздашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, өлкөдө жасалып жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылган Төрага: "Акыркы үч жыл аралыгында мамлекеттин казынасы үч эсе өстү. Натыйжада калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып, социалдык мекемелер, жолдор салынууда. Бирок жасалып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ар бир тыйындын эсеби бар. Аны пайдасыз коротууга болбойт, Жогорку Кеңеш сөзсүз көзөмөлдөйбүз", - деди.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл китептеги жаныбарларды аткандар 2 млн сомго чейин айып пул төлөйт

Кызыл китептеги жаныбарларды аткандар 2 млн сомго чейин айып пул төлөйт

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылган жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири айыптар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин инспекторлору бул багытта ыкчам рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдар: • илбирс - 2 млн сом, • аркар-кулжа, марал, күрөң

Ишкер Media
Чоң-Алайда Соцфонддун жаңы имараты ачылды

Чоң-Алайда Соцфонддун жаңы имараты ачылды

Социалдык фонддун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. Жаңы имарат пенсиялык системаны реформалоо жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу алкагында курулду. Эки кабаттуу, жалпы аянты 247 чарчы метр болгон имарат заманбап талаптарга жооп берип, жарандарды кабыл алуу жана пенсиялык, социалдык камсыздоо

Ишкер Media
Бишкек Hunan Construction Investment Group менен жол маселесин талкуулады

Бишкек Hunan Construction Investment Group менен жол маселесин талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Хунань провинциясындагы ири курулуш компанияларынын бири - Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги темасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Тараптар жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу, ошондой эле

Ишкер Media
Кореяда иштеген кыргызстандыктар бир жолку төлөмдөрдү алууда

Кореяда иштеген кыргызстандыктар бир жолку төлөмдөрдү алууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алууда. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 151 жаран кайрылган. Анын ичинен 126 жаранга төлөм

Ишкер Media